Ленин деп жүргөнүбүз юрист Иосиф Славкин болуп чыкты

1 февраля 2018 15:18 1088 Barometr
Поделиться в:
ok

Тарыхта белгилүү факты болгондой 1924-жылы  21-январда дүйнөлүк пролетариаттын кол башчысы Владимир Ильич Ленин оор жана узакка созулган оорудан кийин көз жумган. Беш күн коштошуу зыйнаты өткөндөн соң 27-январда анын сөөгү бальзамдалып Мавзолейго коюлган. 

 

Сүрөттө:  Иосиф Славкин

Жүздөгөн бедизчилерге жана сүрөчүлөргө анын бюсттары менен картиналарын тартуу тапшырыктары түшкөн. Ал кезде компьютердик ыкмалар болбогондуктан жана Лениндин көзүнүн тирүүсүндөгү түшкөн сүрөттөрү начар болгондуктан Ильичке окшош адамдарга суроо-талап катуу кызыган. Ушул жерден Ленинге эки тамчы суудай окшош болгон юрист  Иосиф Ариевич Славкиндин башты айланткан карьерасы башталган.  

Черниговская губерниясында туулган Иосиф Ариевич Славкин Москвага жыйырманчы жылдарда келип адовокаттык конторага жумушка орношкон. Ошентип анын окшоштугу жардам берип ири суммадагы гонорарларга макул болуп Лениндин өзүндөй кылып сүрөт тартууга көмөкчү катары ишке кирген. Ушунтип алган акчасына манчыркап жургөн убакытта анын карьерасына Лениндин жубайы Надежда Крупская чекит коюп, Ленин тууралуу тартылган акыркы сүрөттөр ага уламдан улам окшобой бара жатканын айткан. Словакиндин өзүн Үгүт башкармалыган чакыртышып революцияынын атасынын копиясы болуудан баш тартууну талап кылышып, болбосо камакка алынарын катуу эскертишкен. Иосиф Ариевич дароо түшүнүп өз кесибине кайтып келип “Мясосбыт” конторасына юрист катары ишке кирген. Убагында айтылган сөздү жакшы түшүнгөн Славкин андан кийин бул иштерге аралашуусун токтоткон жана узак жашап 1960-жылдары каза тапкан.

Ошентип Лениндин картиналарында  кол башчынын өзү эмес  Иосиф Ариевичтин сүрөтүн Ленин ата деп советтик муунга көрсөтүп тарбиялашкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11264



Добавить комментарий