Жердин 440 миллион жыл мурдагы абалынын күбөсүн аныкташты

31 января 2018 11:45 1210 Barometr
Поделиться в:
ok

Кембридж университетинин палеонтологу Мартин Смит 440 миллион жыл мурда Жер планетасында өскөн байыркы козу карындын калдыгын изилдеп жатат. Бул таш болуп катып калган эң байыркы өсүмдүк. Козу карынга Tortotubus protuberans деген ысым ыйгарышкан.

 Ал силур жана девон доорунда өсүп, суудан алгачкы ирет кургактыкка ыңгайланышкан өсүмдүк болгон. Tortotubus топурактын кыртышынын калыптануу процестерине да катышуусу ыктымал, ошондой эле тамырлуу өсүмдүктөрдүн түпкү “энеси” да болушу мүмкүн.   

Окумуштуу бул козу карынды 1980-жылы Швеция менен Шотландиянын аймагында таш болуп катып калган калдыктарды изилдеп жаткан учурда тапкан. Буга чейин окумуштуулар аны ар кандай суудагы организм болушу керек деп эсептеп келишкен, бирок Смит ар кайсы үлгүлөрдү салыштырып отуруп кургакка отурукташкан өсүмдүк экенин аныктап чыкты.

   

Ссылка: https://barometr.kg/content11205



Добавить комментарий