Египетте мумияланган үлкөн крокодил табылды
Поделиться в:
Египетте узундугу төрт метр болгон мумияланган крокодилди табышты. Табылга Наг-Хаммади районунда Нил дайрасынын жээгинде казуу иштерин жүргүзүп жаткан маалда табылган.
Андан тышкары бул мумия менен кошо археологдор узундугу 1,2 метрлик крокодилди дагы алып чыгышты. Үлкөн крокодилди байыркы египеттиктер тактап айтканда Наг-Хаммади аймагында жашаган уруулар суунун кудайы Себека деп эсептеп алышкан. Анын жанында мумиялаганга керектүү баардык инструменттер жана атайын полотна да болгон. Табылганын уникалдуулугу Себекага сыйынуу тууралуу маалыматтын тастыкталышы менен байланыштуу.
Ссылка: https://barometr.kg/content11199
Добавить комментарий ×