“Ак Илбирс” сыйлыгына талапкерлер көрсөтүлө баштайт

31 января 2018 08:18 687 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгына билдирмелерди кабыл алуу иштери башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирмелерди кабыл алуу 1-мартка чейин уланып, 27-апрелде “Манас” кино театрында жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

“Ак Илбирс” кино сыйлык 2012-жылы Кыргызстанда уюштурулуп, өлкөнүн кинематография тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон, бул тармакка ийгилик жараткан мыкты кинематографисттерге 18 номинация боюнча сыйлык тапшырылат.

Кино сыйлык КР кинематографисттер союзунун, “Айтыш” коомдук фондунун, КРнын Кинематографисттер департаментинин жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көмөгүндө өткөрүлүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11192



Добавить комментарий