Интернеттеги, социалдык тармактардагы жарнамаларга мониторинг жүргүзүлүшү мүмкүн

30 января 2018 11:33 1288 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети  “Жарнак жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карап, толуктоочу жерлери бар болгондуктан, долбоордун кем-карчын кайра карап чыгуу талабын койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарнак жарыяланган маалымат булактары телерадио, же басылмалар гана эмес, интернет сайттары менен социалдык тармактар дагы болуп калышы мүмкүн. Анда аларды кантип көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзсө болот? - деген суроо мыйзам долбоорунун негизги жаңылыгы. Бул багытта депутаттар тактоону талап кылган жагдайлар бар экендигин айтышты. Ошондуктан, бул маселеге тармактык комитет кийинки жыйындарында кайра кайрыла турган болду.

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү болсо комитет экинчи окууда жактырды. “Жаңы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, пенсия чегерүүчү мекемелер керектүү документтерди тиешелүү жерлерден атайын тартиптин негизинде өздөрү суратып алышы керек. Тагыраагы, пенсия курагына алты ай калганда эле жарандарыбыз паспортун, эмгек китепчесин жана катары менен 60 айдагы эмгек акысы тууралуу маалыматкатты гана берүүгө милдеттүү. Ал эми башка керектүү маалыматтарды алуу пенсия чегерүүчү мекеменин иши болушу шарт”, - дейт демилгечи депутат Аалы Карашев.

Ссылка: https://barometr.kg/content11164



Добавить комментарий