ТЭЦтин түтүн чыккан трубасы абанын температурасын кошо көрсөтөт
Поделиться в:
Башкортостондын борбору Уфа шаарындагы жылуулук борборунун эң ири түтүгү шаардын кооз жайларынын бирине айланды. Жасалга калааны көрктөндүрүп гана турбастан пайдалуу да болуп 100 метрден ашкан термометрдин кызматын аткармакчы. Термотмердин бетиндеги жазуулар үч тараптан караган кезде абанын реалдуу температурасын көрсөтүп турат.
Андан тышкары трубанын үстүндө андан чыккан түтүн боюнча маалымат бере турган мониторлор жана прожекторлор жайгаштырылган. Долбоорду “Уфанын инженердик түйүндөрү” муниципалдык ишканасы өз күчү менен каржылаган.
Бишкектин жылуулук борборунун түтүгү дагы ушундай кооз жана пайдалуу болсо гана атаганат!
Ссылка: https://barometr.kg/content11102
Добавить комментарий ×