Кош келгиле! Бишкекте үшүгөндөргө ысык тамак берүүчү жайлар ачылды
Премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында 3 миңге жакын көмөккө муктаж шаардыктарды кабыл алуучу жана жайгаштыруучу пункттар уюштурулду.
Аталган категориядагы жарандарга транспорт аркылуу жеткирүү, ысык чай жана ысык тамак берүү, ошондой эле түнөөчү жай менен камсыздоо уюштурулат. Кабыл алуучу пункттар төмөнкү даректерде жайгаштырылган:
Бишкек шаарынын Свердлов районунда:
- «Ардагер» геронтологиялык борбору, Күрөңкеев көчөсү, 89 «а». Директору: Абдиева Марипа Төлөмүшовна, телефондор (0-312) 37 63 01, (0-551) 51 28 48.
- № 23-орто мектеби, Жибек-Жолу проспектиси, 287 («Чыгыш автобекети» Директору: Ситоленко Андрей Владимирович, телефондору (0-312) 48 20 48, 48 20 30, (0-772) 27 77 21.
- Мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын шаардык борбору, Великолукская көчөсү, 29 “а”. Директору: Аманкулова Гульнара Абзатовна. Телефондору (0-312) 67 93 83, (0-550) 16 65 60.
Бишкек шаарынын Ленин районунда:
- “Жал-29” микрорайонунда жайгашкан №95 орто мектеби. Директору Акмашаева Анара Радбековна, телефону (0-552) 90 86 73.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунда:
- Баялинов көчөсүндөгү №75-орто мектеби. Директору: Абдуазизов Данияр Валитович. Телефондору (0-312) 32 01 17, 32 01 18, (0-554) 40 44 85.
- Бишкек шаарынын Балтагулов көчөсүндөгү №1-социалдык жатаканасы. Директору: Петрушевский Алексей Владимирович. Телефону (0-553) 93 04 70.
Транспорт маселеси боюнча координатор Бейшенбаев Улан Бекежанович. Телефон (0-553) 01 37 72.
Ссылка: https://barometr.kg/content11101
Добавить комментарий ×