“Орто Токой” суу сактагычындагы балык уулоочулар мамлекетке 36360 сом зыян келтиришкен
Мамэкотехинспекция тарабынан Кочкор районунун Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган 3 жаран кармалды. Себеби аталган жарандар унааларында эч кандай уруксаат кагаздары жок “Сига” балыктарын ташыганы, 2 жөнөкөй жана 1 моторлуу кайык, торлору менен браконьерлик кылганы аныкталды. Аталган жарандар Ысык-Көл областынын Ак-Өлөң айылынын тургуну Мааразыков Арзыкул, Саадабаев Чоро жана Кочкор районунун Семиз-Бел айылынын тургуну Боктоканов Кубатбек аттуу жарандар экени териштирүүдө белгилүү болду. Жеринде аталган жарандарга карата тийиштүү пртоколдор толтурулуп, жаратылышка келтирилген чыгашасы үчүн жалпысынан 36360 сом доо коюлуп, бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекция тарабынан толугу менен Мамлекеттин эсебине өндүрүлдү. Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын адистери 2 жөнөкөй жана 1 моторлуу кайыкты Мамлекеттин эсебине конфискациялоо боюнча сотко кайрылды. Учурда кайыктарды Мамлекеттин эсебине өндүрүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Эске сала кетсек, көлдөрдө балыктардын санынын азайып бара жаткандыгына байланыштуу, тор салууга жана уруксаатсыз балык кармоого тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1109
Добавить комментарий ×