Алты тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып бараткан унаа токтотулду

26 января 2018 18:15 949 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 23-январь күнү болжол менен 22:00 чамасында, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк” Ыкчам бажысынын кызматкерлери Ош областына караштуу Ноокат шаарында  Кыргызстандын жараны Ж.С.Э. башкарган КРдин мамлекеттик номер белгиси менен ак түсдөгү “Вольво” автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогоруда аталган автотранспорттук каражаттын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына ташып келе жаткан жалпы суммасы 360 000 түзгөн 6000 кг көлөмүндө Республика Өзбекстан деген жазуу мешокторго салынган күрүч табылган.

Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content11076



Добавить комментарий