Грузиянын борбор калаасында нааразычылык күчөдү
Грузиянын атайын багыттагы күчтөрү Батуминин полиция имаратынын алдындагы митингди таратты. Жекшембидеги каршылык акциясы башаламандыкка айланып кетти. Митингди таратуу учурунда полиция 40 чамалуу кишини камакка алды. Ѳлкөнүн Ички иштер министри Георгий Мгебришвили алар коомдук тартипти бузган деп камакка алынганын, бирок кылмыш иши козголуп, айрымдары жоопко тартылышы мүмкүндүгүн журналисттерге маалымдады. Аджар автономиялык республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Заала Микеладзенин айтымында, 33 киши ооруканага түшкөн, алардын 15 полиция кызматкерлери. Батумидеги каршылык акциясы ишемби күнү кечинде, кайгуул полициясы айдоочуга айыппул салган окуядан кийин башталып кетти. Айдоочу полиция менен жаңжалдашып кеткенде аны кармашкан. Бирок ал жерде жергиликтүү эл топтолуп кетип, соңку учурда полиция жөнү жок эле чоң суммада айыппул салып жатканына нааразылык билдирип, айдоочуну боштууну талап кылган. Жыйынтыгында полиция алты кишини кармаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1107
Добавить комментарий ×