Кыргыз балы Япониянын дүкөндөрүндө сатылууда
Поделиться в:
Кыргызстандын балы Япониянын баалуу дүкөндөрүнүн текчелеринен орун алды. Бул тууралуу атамекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз балы жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайылтылууда. Кыргызстан бал продукциясын Японияга 2015-жылдан тартып экспорттой баштаган.
Сумермаркеттерде кыргыз балынын 250 мл баасы салыктарды эсептегенде 1000 сом же 15 доллар турат. «Күн чыгыш мамлекети дагы балыбызды сүйүп баалаганы бизди кубандырат»,-дейт ал.
Мындан тышкары, төрага белгилегендей, Японияда эл балды азык катары эмес, дары катарында колдонушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content11060
Добавить комментарий ×