Акча үчүн эки майып баласын өлтүргөн энеге иш козголду
Австралиянын жашоочусу, миллион доллар көлөмүндөгү камсыздандыруу төлөмдөрүн алүү үчүн, өзүнүн эки майып баласын өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Daily Mail билдирди.
Катаал эне физикалык жана психикалык дартка чалдыккан 18 жаштагы кызы менен 26 жаштагы уулуна дары берип ууландырган. Ашыкча өлчөмдө ичилген дарынын кесепетинен эки бир тууган каза тапкан. Окуя былтыр жай мезгилдеринде болгон.
Балдарынын өлүмүнөн кийин, австралиялык тургун дээрлик 570 000 доллар көлөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн ала баштаган, ал кийин дагы 360 000 доллар алып байыйын деп ойлоп жүргөн.
Кийинчерээк полиция тергөө амалдарын жүргүзгөндөн кийин, бул аялды балдарынын өлүмүнө шектүү деп ага карата кылмыш ишин козгогон.
Ссылка: https://barometr.kg/content11058
Добавить комментарий ×