Манас таануу боюнча теле Таймаш Талас областында өттү

11 марта 2017 17:41 1148 Barometr
Поделиться в:
ok

"Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашы Талас облусунда өттү. Облус аймагынан тандалып чыккан топ финалдык оюнга катышат. Бул үчүн 8 команда күч сынашты. Теле таймашка жетинчиден жогору класстын окуучулары катышты.  Окуучулар арасында "Манас" эпосу боюнча акыл-эс таймашы кызуу жүрдү. Мыкты даярдыгын көрсөткөн 2 командага китептер жана планшет белекке берилди. Интеллектуалдык теле таймаштын жыйынтыгында, Кара-Буура районундагы лицейдин окуучулары биринчиликти багындырды. Бул саамалыктын башкы максаты "Манас" эпосун жаштарга таанытуу жана жайылтуу болуп эсептелинет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1102



Добавить комментарий