Казакстанда катуу сууктан 200дөн ашуун киши жабыркады
Казакстанда катуу суук аба ырайынан 200дөн ашуун киши жабыркады. Алардын көбү өлкөнүн түндүк жана чыгыш аймактардын жашоочуары болуп саналат. Бул тууралуу Тенгриньюс жазды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөнүн он аймагынан үшүк алып ооруканага 223 жаран кайрылган. Алардын 73ү бейтапканага жаткырылса, калганы амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат.
Эң көп кайрылгандар Караганда областынын тургундары болушкан. Ал жакта 54 киши, Павлодарда 26 киши, Астанада 20 жаранды үшүк алган. Баары ооруканага жаткырылды.
Белгиленгендей, өлкөнүн түштүк аймактарында: Мангистау, Актөбө, Түштүк Казакстан жана Алматы областтарында жашагандар мындай абалга кептелген эмес. Буга чейин, Казакстанда мындай аномалдуу суук аба ырайы күчөй турганы маалымдалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11000
Добавить комментарий ×