Ташкентте карылар метродо бекер каттай алышат

11 марта 2017 16:33 374 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда пенсионерлер 15-марттан баштап эртең мененки саат 10:00дон 16:00го чейин метрополитендер аркылуу акысыз жүрүү укугуна ээ болушат. Бул тууралуу кечээ жергиликтүү ЖМКлар билдиришти. Тиешелүү токтомду Өзбекстандын өкмөтү 9-мартта кабыл алган. Өзбекстандын Президенти Шевкат Мирзиеев президенттик шайлоонун алдында шайлоочулар менен жолугушууда пенсионерлер үчүн метродо жүрүүнү акысыз кылууну убада кылган эле.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1100



Добавить комментарий