Ноокатта «Алым-Ата» кафеси толугу менен күйүп кетти
Поделиться в:
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 9 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
23-январда, Оштогу Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында саат 17:50дө, «Алым-Ата» кафесинде өрт чыгып, анын кесепетинен контейнерден курулган бул кафе толугу менен күйүп кеткен. Жалын 450 чарчы метр аянтты каптаган. Өрт, электр приборлорун монтаждоодо эрежелер сакталбагандыгы үчүн келип чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10972
Добавить комментарий ×