Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Көпчүлүк эл бул изилдөөмдүн жыйынтыгын колдоого алышса, Атамбаевдин тегин кыргыз эмес кылгысы келген айрым күчтөр мага асылышып, коркутууга чейин барышты”
- Эмнеден улам Атамбаевдин ата-тегин изилдеп калдыңыз?
-Акаевдин учурунда, оппозицияда жүргөн кезинде Алмазбек Шаршенович досу, раматылык Эгемберди Эрматовго кайрылып, чоң атасы Шама Баткен тараптан көчүп келгенин айтып, туугандарын табууга жардам сурайт. Акыры туугандары да табылат. Бирок көп жерлери баш аламан болуп, ошондон улам так эместиктерин көрүп, 2006-жылдары эле уккан маалыматтарымды акырындап териштире баштаган элем. Өзгөчө Атамбайдын атасы Шама айтылуу Полот хандын (Молдо Исхактын) кол башчысы болгон деген маалымат мени анча ынандыра алган эмес. Анткени Полот хан тууралуу көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, жазып да келгем. Анын кол башчыларын жакшы билчүмүн. Ошондо эле бул маалымат туура эмес деген бүтүмгө келген элем. Кийин 2014-жылдан баштап, туура 16 жылдан кийин кайрадан Алматыга барып архивде иштей баштадым. Архивдик документтердин арасынан Байтик баатырга тийешелүү материалдарды карап жатып, Атамбайдын атасы Шама тууралуу да маалымат бар бекен деп тизмелердин арасынан издей баштасам, ошол документтин арасынан эле чыгып калды. 1869-жылы эле беш балалуу болуп калган Шама тууралуу маалымат чыкканда, 1874-жылдан баштап Фергана тарапта көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштаган Молдо Исхак (Полот хан) менен Чүйдө жашап жаткан Шаманын эч кандай байланышы жок экендигине биро толо ынандым. Бул маалыматтан кийин Атамбай жана анын атасы Шамага байланыштуу чаташкан маселени биро толо тактап коюуну чечтим. Аңгыча Атамбаевдин чоң аталары өзбек тегинен чыккан Кокон сарбазы, ал Пишпек сепили орустар тарабынан талкалангандан кийин Арашан айылына качып барып, баш калкалап туруп калган деген мазмундагы макаланы окуп калдым. Анан аны тактоого алууга туура келди. Ошентип менин кесиптик хоббим козголуп кетип, бул маселени тактоого алып бердим. Көпчүлүк эл бул изилдөөмдүн жыйынтыгын колдоого алышса, Атамбаевдин тегин кыргыз эмес кылгысы келген айрым күчтөр мага асылышып, коркутууга чейин барышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content1097
Добавить комментарий ×