15-жашка чейин турмушка чыккан кыздар КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи орунда турат
Поделиться в:
КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргыз өлкөсү 15 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны боюнча 1-орунда, 17 жашка чейинкилер арасында 2-орунда. Мындай маалыматты "Аялдар тынчтык банкы" фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова билдирди. "Кыргыз жеринин түштүк аймагындагы өзбек тилдүү жашоочулар кыздарын эрте эле турмушка беришет. Чүй өрөөнүндөгү уйгур, дунган улуттарынын кыздары да никеге эрте турушат. Акыркы жылдары кыргыз кыздарынын арасында мектепти бүтө элек учурда эле турмуш кургандар көбөйдү. Биз бул көйгөйдүн себептерин иликтеп чыктык: тышкы миграциянын күч алышы, ата-энелердин жоопкерчилигинин азаюусу, жашоочулардын социалдык-экономикалык абалы", - дейт Г.Абытова.
Ссылка: https://barometr.kg/content1096
Добавить комментарий ×