Ырчы Аскат Мусабеков качан концерт берет?
Поделиться в:
Комуздун коштоосунда бир катар чыгармаларды аткарып жүргөн белгилүү ырчы Аскат Мусабеков туулган күнүн досторунун коштоосунда белгилей турганын barometr.kgге билдирди.
“Жыл сайын туулган күнүмдү чыгармачылык досторум, жоро-жолдошторумдун курчоосунда белгилеп келем. Быйыл дагы досторум менен чогуу белгилемекчибиз. Чыгармачылыкта жаңы ырларды жаздырып, клип тартуудамын. 8-март айымдардын майрамына карата жеке чыгармачылык концертимди тартуулаганы турам”,-деди ырчы.
Аскат Мусабеков 1985-жылы 20-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында туулган. Ал бүгүн 33 жашка толгон курагы.
Ссылка: https://barometr.kg/content10881
Добавить комментарий ×