Ысык-Көлдө пляждан адамдын мүлжүнгөн сөөгү табылды
Поделиться в:
Ысык-Көл областындагы Чолпон-Ата шаарынын пляжында адамдын сөөгү табылды. Милиция маркумдун эркек же аял экенин аныктай албай жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБсинен билдиришкен.
Маалымдалгандай, сөөк кечээ, 17-январда Чолпон-Атадагы «Лагуна» эс алуу үйүнө жакын пляждан, жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.
"Сөөк белгисиз жаныбар тарабынан тиштелген. Азыркы тапта анын эркек же аял болгону белгисиз. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды»,-деп билдиришти областык башкармалыктан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10832
Добавить комментарий ×