Тубаса кемтик оору менен ооруган балдардын көйгөйүн Осмонбек Артыкбаев парламентте экинчи жолу көтөрдү

9 марта 2017 17:57 757 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда  жарык дүйнөгө келип жаткан балдардын арасында тубаса кемтик оорусу менен ооруган балдардын саны күн санап өсүп жатканын саламаттыкты сактоо министрлиги деле жашырган жок.  Жан кейиткен статистикалык эле көрсөткүчтөрдү көрүп жатканыбыз менен же өкмөт аракет кылган жок. «СДПК» фракциясынын депутаты  Осмонбек Артыкбаев  бул маселени парламентте экинчи жолу көтөрүп, өкмөттүн көңүлүн өзүнө бурду. «Тубаса кемтик оорулары абдан көбөйүп жатат. 2015-жылы  булардын саны 2700 болсо, 2016-жылы 3000 миңге жетти. Мунун эң башкы кесепети йод менен темирдин жетишсиздиги экендигин баарыбыз билебиз. Азыр өкмөт йод боюнча  мыйзамды алып кою сунушу менен келип жатат. Бул өтө туура эмес чечим. Тез аранын ичинде өкмөткө, министрликке кайра киргизишибиз керек.  Унду байытуу боюнча өкмөттүн такыр мыйзамы иштебей жатат. Ушуга көңүл буруп коюууңуздарды мен суранам»-деп айтты. Деген менен  депутаттын пикири калктын саламаттыгы боюнча өтө орчундуу маселе. Учурда тубаса кемтик оорусу менен ооруган балдардын саны өсүп медицина буга алсыздык кылып жатканын медиктер дайыма айтып келе жатышат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1078



Добавить комментарий