Бирөөнүн паспорту менен Казакстанга жөнөйүн деген жаран кармалды
Поделиться в:
“Ак-Жол - Автожолу” көзөмөл бекетинде мамлекеттик чек араны бузганы үчүн, кыргызстандык жаран кармалды. Ал чек арадан бөлөк бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракеттенген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.
Паспорттук текшерүү –учурунда, 1997-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кызматкерлерге башка документти көрсөткөн. Анын айтымында, ал өзүнүн паспортун жоготуп алганына байланыштуу досунун документин колдонгон. Ал Кыргызстандан Казакстанга жөнөйүн деген.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жаран КРдын УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине жөнөтүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content10775
Добавить комментарий ×