Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Токтогул, Таш-Көмүр шаарларына тез аранын ичинде көңүл бурулса жакшы болот эле»

9 марта 2017 17:55 408 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын 9-мартында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында  депутат Осмонбек Артыкбаев мамлекетибизде болуп жаткан  эң орчундуу деп эсептелип жаткан көйгөйлөргө токтолду. «Кризис азыр баардык жерде болуп жатат. Муну калыстык үчүн айтып коюшубуз керек. Жакында эле президентибиз  Европага болгон сапарында 10 миллион еврого грантка кол коюп келди.   Ушул акчалардын баардыгы  Жалал-Абад областына сарпталат экен. Муну тезирээк өздөштүрүп,  суу багытына жумшаса деп ойлойм. Бул проекти аймакты өнүктүрүүгө арналат экен. Суу астында калган Токтогул, Таш-Көмүр шаарларына  тез аранын ичинде көңүл бурулса жакшы болот эле» - деп айтты. Эл өкүлү аймактарыбыздын  баардыгы суу маселеси чечилип, көпчүлүк эл жашаган жерде таза суу чечилсе мамлекеттин калкынын ден-соолугу чың болот эле деген оюн дагы жашырган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content1076



Добавить комментарий