Баяман Эркинбаев атындагы мелдеш өткөрүлөт, бюджети 2 миллион сом

9 марта 2017 15:07 343 Barometr
Поделиться в:
ok

Маркум спортчу Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына карата алыш боюнча мелдештер уюштурулат. Мамлекеттик спорт агенттигиндегилер билдиришинче, турнирге бир топ өлкөнүн “билеги күчтүүлөрү” келет. Азырынча белгилүү болгонуна караганда, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь, Молдова, Россия, Иран, Индонезия, Болгария, Литва, Индия, Сербия, Германия, Пакистандын спортчулары өнөрүн көрсөтүүгө даяр. Эркектер арасында эркин түрдөгү 6 категория боюнча күч сыналат. 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100гө чейин жана 100дөн ашкандар. Аялдара арасында 5 категория боюнча: 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75ке чейин жана андан салмактуулар. Мамлекет тарабынан уюштурулган мелдешке бюджеттен эки миллион сомго жакын акча бөлүнгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content1071



Добавить комментарий