Бишкек-Чуңкурчак жолунда унаа оодарылып, 8 киши жабыркады
Поделиться в:
Чүй областынын Аламедин районунда болгон жол кырсыгынан 6 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кечээ, 14-январда, саат кечки бештерде ведомствого, Бишкек-Чуңкурчак жолунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаа тоголонуп кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.
Жол кырсыктын кесепетинен 8 киши жабыркап, анын экөөсү ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми калгандары Чүй областтык бейтапканасына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content10693
Добавить комментарий ×