Жергиликтүү ишкердин демөөрчүлүгү менен эртең Балыкчыда гемодиализ борбору ачылат
Поделиться в:
Балыкчы шаарына курулган гемодиализ борбору эртең ачыла турганын Ысык-Көл облусунун жетекчисинин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирмеге караганда аталган борбордун курулуш иштери менен медициналык жабдыктарын алууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү ишкер-меценат Мирлан Исагалиев көтөрдү. Ал эми Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан борборду курууга атайын жер тилкеси бөлүнүп берилген", — деп айтылат маалыматта. Жергиликтүү ишкер аталган борборго 10 миллион сом жумшаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1069
Добавить комментарий ×