Пак Кын Хенин тагдыры эртең чечилет

9 марта 2017 12:05 359 Barometr
Поделиться в:
ok

Коррупциялык иштерге барган деп айыпталып импичмент жарыяланган Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хеге карата Конституциялык сот 10-мартта акыркы чечимди чыгарат. Бул туурасында РИА Новости Рёнхап агенттигине шилтеме берүү менен жазды. Конституциялык сот жарыяланган импичментти мыйзамдуу деп тапса, Пак Кын Хе отставкага кетип, өлкөдө 60 күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт. Эгер мыйзамсыз деп тапкан болсо, ал президенттик ордунда калып ишин улантат. Учурда Түштүк Кореянын президентинин милдетин аткаруучу болуп премьер-министр Хван Гё Ан иштеп жатат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1067



Добавить комментарий