Нурсултан Алтыбаев, Ханянда (Hanyang) университетинде магистратурасынын студенти: “Билимди Корея үчүн алып жатканым жок, менин жана мага окшогондордун билими Кыргызстанга жумшалат деп ойлойм”

8 марта 2017 17:22 589 Barometr
Поделиться в:
ok

-Нурсултан, Кореяга барып билим алам деген жаштарыбызга кандай кеңеш берет элең?

 -Кыргыз жаштары Кореяга келип окуу үчүн албетте тилден мурун кызыгуу каалоо жана жөндөм керек. Окууга негизи англис тилинин же корей тилинин негизинде тапшырса болот. А билбеген бир тилди бул жактан үйрөнүп алууга болот. Сабактар корей тилинде болгон күндө дагы материалдар англис тилинде болуп калышы толук мүмкүн.  Кореяда окуш үчүн болуп көрбөгөндөй атаандаштыка туруштук берүү үчүн кызыгуу, жөндөм жана каалоо керек. Ушул учурда гана окууга көңүл буруп, конкуренцияга чыдап андан өтүү мүмкүн. Окууга тапшыруудагы талаптар менен окуп жаткандагы талаптын айырмасы чоң болгону үчүн так коюлган максат, кызыгуу, жөндөм болушу зарыл.

-Билимиңди кийин Кыргызстандын гүлдөшү үчүн алып жатат деп сага ишенсе болобу?

-Чынында мен билимди Корея үчүн алып жатканым жок, менин жана мага окшогондордун билими Кыргызстанга жумшалат деп ойлойм. Билим алып аны өнүккөн мамлекеттин дагы да өнүгүүсүнө эмес өнүкпөй жаткан мамлекеттин өнүгүүсүнө жумшайм деп дайыма ниет кылам. Бир сөз менен айта турган болсом, Корея корейлер үчүн а биздики Кыргызстан.

Ссылка: https://barometr.kg/content1061



Добавить комментарий