Өзбекстан Тажикстанга жардам жөнөттү
Поделиться в:
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Тажикстандын көчкүдөн жабыркаган аймактарына гуманитардык жардам жиберүүнү тапшырды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда гуманитардык жүктүн көлөмү 60 тоннага жетет. Анда азык-түлүк, дары-дармек, курулуш материалдары, көмүр, жылуу кийим жана зарыл буюмдар камтылган. Тажикстандын аймагына февралдын аягында жүзгө жакын ири көчкүлөр түштү. Калың кардын кесепетинен улам Памирде жайгашкан айрым айылдар менен байланыш үзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content1060
Добавить комментарий ×