Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: «Ар бир аялзаты бактылуу болууга татыктуу»

8 марта 2017 11:33 480 Barometr
Поделиться в:
ok

Аял, ааламды аралаган улуу күч. Бир колу менен бешик, бир колу менен аалам терметкен асыл аялзаты. Баардыгыңыздарды чын дилимден, чын жүрөгүмдөн  майрамыңыздар менен куттуктаймын. Ар бир күнүңүздөр куду бүгүнкү майрамдагыдай болсун.  Жашообузду көрккө бөлөп, ааламыбызды нурдантып көп жашаңыздар. Биздин коомдо аялдын орду, аялдын баркы бийик. Дал ушул бийиктик менен Курманжан датка,  Жаңыл Мырза, Каныкей апаларыбыз жашап өткөн. Менимче азыркы доордун да өзүнүн бийик ыйык  асылзат аялдары бар.  Ар бир үйдүн куту болуп жаз гүлүндөй ачылып көп жашаңыздар. Ден-соолугуңуздар чың, жүзүңүздөрдө жылмаю,  жүрөгүңүздөрдө кубаныч болуп турсун!! Майрамыңыздар менен!!

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1055



Добавить комментарий