Каржы полициясы кытайлык компанияларга иш козгоду

10 января 2018 10:54 512 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштуулуктарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан, Токтогул ГЭСи үчүн белгиленген күч көмөкчордондорун транспорттоодо расмий документтерди жасалмалоо жана кыянаттык кылуу фактылар менен «C.L.C.Ltd, X.B.» жана «J.T.E.C.» кытайлык компанияларга карата кылмыш иши козголду.

Аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул ишканалардын жетекчилиги пайда көрүү максатында, билип туруп документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 1 млн 755 миң 532 сомду түздү.

Ушул жылы 8-январда, иликтөөнүн алкагында 1755 532 сом көлөмүндө чыгымдын орду толугу менен жабылган.

Азыркы тапта каржы полициясы тарабынан, КР бардык аймагы боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10546



Добавить комментарий