Бишкекте 8 жаштагы окуучу кыз унаа токтотуучу жайда иштейт

10 января 2018 10:38 1307 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Свердлов райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгы Балдардын укугун коргоочулардын лигасына, автоунаа токтоочу жайда иштеген кыз тууралуу маалыматты көрсөттү. Бул боюнча уюмдун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.

Башкармалыктын берген маалыматына ылайык, бул кыздын энеси кафеде тамак ташыгыч болуп иштейт, ал эми атасы Россияда.

«Үй-бүлө Оштон Бишкек шаарына көчүп келишкен. Кыз экинчи класста окуйт, ал бош убактысында унаа токтотуучу жайда унаалардан акысын чогултуп иштейт. Бул жай кыздын тайежесинин үйүнүн алдындагы менчиги болот. Ал аял билдиргендей, балдарга иштеп акча таап алууга мүмкүнчүлүк берет, муну менен бул үй-бүлөгө материалдык жактан көмөк көрсөтөт (бир унаадан алынган 20 сом үй-бүлөнүн кирешесине түшөт)»,-деп айтылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/content10544



Добавить комментарий