Түркияда көп кабаттуу үйдөн кулаган кыргызстандык жардамга муктаж
Поделиться в:
Белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова, Түркиянын Анталья шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын экинчи кабатынан кулап түшкөн кыргызстандык аялга жардам көрсөтүүгө чакырды. Анын айтымында, кулагандан кийин 52 жаштагы аялдын буту, колу жана жамбаш сөөгү сынган. Ал учурда баса албайт. Ооруканадан чыгарылгандан кийин анын барар жери, Түркияда дагы туугандары менен жакындары жок. Молдокматова бул жаранга көмөк берүүчүлөр үчүн телефон номерди жайылтты: +90 (536) 605 19 90
Маалымдалгандай, окуя 3-январда Финикеде болгон. Мекендештердин билдирүүлөрү боюнача бул аялдын ысымы Айнура, ал Анталья шаарында улгайган кишилерди карап иштечү.
Ссылка: https://barometr.kg/content10532
Добавить комментарий ×