Мурун милиционер болуп иштеген жаран балыктарды мыйзамсыз сатып жүргөн

9 января 2018 17:45 729 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областынын Бостери айылындагы “Ярмарка” базарында мыйзамсыз балык саткан тургун кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө Корумду кыштагынын жашоочусу М.К.дан 40 даана сига балыгы алынган. Жаран мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбегендиктен, ал жерге укук коргоо органдарынын жергиликтүү кызматкерлери чакыртылып, тиешелүү документтер толтурулган. Топтолгон материалдар Ысык-Көл областык ИИБсине жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10531



Добавить комментарий