Ошто эттин баасын аныктоо үчүн бюджеттен 50 миң сом бөлүнөт
Поделиться в:
Ошто бардык кызматтар менен түзүмдөрдүн жетекчилери катышкан аппараттык жыйында шаардагы эттин баасы боюнча абал талкууланды. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.
«Ошто бир килограмм эттин баасы 330 сомду түзөт. Бул аябай эле кымбат. Тургундар даттанып жатышат. Тез арада кырдаалды териштирип, бааларды жөнгө салуу керек»,-деди мэр Айтмамат Кадырбаев.
Эттин реалдуу баасын аныктоо үчүн шаардык бюджеттен 50 000 сом бөлүнөт.
Белгиленгендей, Ошто уй этинин дүң баасы 290 сом (1 кг үчүн) турат. Бирок жашоочулар чекене баа менен алганда, 1 кг уйдун этин 330 сомго сатып алышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10517
Добавить комментарий ×