Бишкекте үй-жайсыз жана кароосуз калган 70 бала аныкталды

9 января 2018 09:05 1478 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте милиция кызматкерлери 4-5-январь күндөрү жашы жете электердин арасында укук бузуулар боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

327 милиция кызматкери катышкан рейддин жүрүшүндө, жашы жете элек балдар чогула турган компьютердик клубдар, жер төлөлөр, жылуулук трассалары жана башка коомдук жайлар текшерилди.

  • Үй-жайы жок жана жашы жетпеген балдар чогулчу жерлер текшерилди - 278;
  • Кайыр сурап жана тентип жүргөн жашы жете элек балдар аныкталды - 70;
  • Иштеп жүргөн балдар аныкталды - 8;
  • Аныкталган фактылар боюнча 42 материал жиберилди;
  • Билим берүү органдарына - 12;
  • Балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо бөлүмүнө - 17;
  • Балдардын иши боюнча комиссияга - 12;
  • ИИБсине бардыгы болуп 87 жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10501



Добавить комментарий