Прокуратура экстремисттик мүнөздөгү 150дөн ашуун сайтты жапты

8 января 2018 17:59 786 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда экстремизм жана терроризм көйгөйлөрү жалпы дүйнөлүк коркунуч болуп саналат. Аларга каршы иш-аракет жасоо жана күрөшүү Кыргызстанда прокуратура органдарынын ишмердүүлүктөрүнүн приоритеттүү багыттарына кирет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

2017-жылы прокуратура тарабынан, экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү маалыматтарды жайган веб-сайттарды блокировкалоо боюнча сотко 15 арыз киргизилген. Арыздарды кароонун жыйынтыгында сот тарабынан 159 сайт жана интернет баракчаларына тыюу салынып, жабылган.

Мисалга алсак, Октябрь райондук сотунун чечими менен, «Хизб-ут-Тахрир», «Талибан», «Ислам мамлекети» жана башка уюмдардын экстремисстик маанайдагы материалдары жайгаштырылган 27 веб-сайт экстремисттик деп таанылган жана Кыргызстандын аймагында бул сайттар жеткиликтүү болбошу үчүн жабылган.

Прокуратура органдары тарабынан бул багытта иштер дале улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10493



Добавить комментарий