Араб шейхи кыргызстандык кызга ашык болуп, экөө баш кошту

8 января 2018 12:01 2215 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандагы нике агенттигинин директору Роза Иманалиева араб шейхи кыргызстандык кызга ашык болгону тууралуу айтып берди. Бул боюнча басылмалар жазды. Араб шейхтеринин бири Кыргызстанда бизнес ачып, кийин тааныштарынан нике агенттиги аркылуу үйлөнүүгө аял тапса болорун билген.

Сауд Арабиясында анын эки аялы бар, бирок ал Бишкекте дагы үй-бүлөсү болушун каалаган. Ал славян түспөлүндөгү, 20-27 курактагы, өзүн таза-тыкан алып жүргөн жана тамак жасаганды билген, жогорку билимдүү, бир нече тилде эркин сүйлөгөн кызды таап, ага үйлөнүүнү каалап жүргөн. Шейх талапкер кыз менен жолугуп-таанышкан учурда экөө бирин-бири жактырып калган. Нике агенттиги аркылуу табышып баш кошкон жубайлар шарияттын негизинде никесин кыйдырган. Кыз, жолдошунун анын үчүнчү аялы болуу сунушун туура кабыл алган, анткени ал үй-бүлөсүнүн баарын камсыздоого кудурети жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10470



Добавить комментарий