Алмазбек Атамбаевдин апасы балдарын окугула деп гана турчу экен…

7 марта 2017 14:49 474 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Сөздү Президент Алмазбек Шаршеновичтин апасы Канымкүл апа жөнүндө баштабасак болбойт. Себеби президенттин апасы болуу ар бир эле адамдын багына буйруй бербейт. Бирок, ошол Президентти төрөп, тарбия берип, эрезеге жеткирип, элге кошуп, эл башчы кылуу да чоң эмгек. Ажонун апасы Канымгүл апа Чоң-Таш айылынын кызы. Айнура, Валыйбек, Калыйбек, Алмазбек аттуу уул-кызды төрөп, тарбиялап, чоңойткон. Балдарынын билимине өзгөчө көңүл буруп, аларды Москва, Ленинграддан окуткан экен. Президенттин айылдаштары Канымкүл апаны жакшы маанайда, жылуу эскеришет. Себеби, алардын көз алдында Канымкүл апа жакшы элестер менен эсте калыптыр. “Апасы Канымкүл аялдардан башкача болчу. Акылдуу аял эле. Балдарын жакшы тарбиялады. Балдарына такыр жумуш кылдырбай, оку, оку деп отурчу. “Окуудан чоңоесуңар, окуудан жер көрүп, эл тааныйсыңар. Телевизор көргүлө, китеп окугула” деп эле турар эле раматылык. Өзү табиятынан сабаттуу, билимдүү аял болчу. Арапча окуп, таптап сүйлөгөндү билчү. Куран китеп окуганын билем. Дайыма гезит алчу, балдарына да окутуп, өзү да окуп турчу. Таң атпай саат 4тө туруп, намазын окуп, уйду саап, бадага кошуп келип, тамак даярдап, анан абышкасын, балдарын ойготчу. Ар бирине бапестеп өзүнчө тамак жасаар эле”-дейт кошунасы Укен апа.

 Булак Эркин-Тоо..

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1046



Добавить комментарий