Аба ырайы: Жер-жерлерге кар жаап, жолдор тайгак болот

6 января 2018 10:18 891 Barometr
Поделиться в:
ok

Өлкө аймагы боюнча 6-9-январь күндөрүнө карата аба ырайы: ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришкендей, 6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын областтарына кар жаайт, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында күн ачык болот.

6-январда күндүз жана 7-январда Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө жер-жерлерге кар түшөт. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн ачык болот.

8-9-январь күндөрү айрым тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ыламдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

6-7-январга карата Бишкек шаары боюнча аба ырайы:      

Бул күндөрү борбор калаада кар жаабайт, жолдор тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-7-январга карата Ош шаары боюнча аба ырайы:                          

6-7-январь күндөрү Ошто күн ачык болот. Жолдор тайгак болуп, түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content10443



Добавить комментарий