Президент 127 кишиге мамлекеттик сыйлык тапшырды, алардын арасында кайраттуулугу үчүн сыйлангандар дагы бар

6 марта 2017 16:22 420 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 6-мартта коомдук жана маданий ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Жүздөн ашык адамга сыйлык берилди. II жана III даражадагы "Манас" ордендери, "Данакер" жана "Даӊк" медалдары, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамдары ээлерин тапты. Алардын арасында  кайраттуулугу үчүн сыйлангандар дагы бар. Президент өз сөзүндө “Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Эң оболу бүгүнкү сыйлык алып жаткан жарандарыбызды кыргыз элинин атынан, бүтүн жумурай-журттун атынан куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!

Сыйлык кут болуп, жаныңар бек болсун!

Сыйлык ээлеринин ар бирин мактасак жарашат. Бирок, үч жараныбыз жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. Алар - Рахатбек Үсөнкожоев, Адина Самыйбек кызы жана Турсунбек Абдылдаев.

Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле “Жардылык – жалкоолуктан” деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат.

Урматтуу мекендештерим! Бүгүн биз улуттук маданиятыбызга зор салымын кошкон жарандарыбызга да сыйлык берип жатабыз. 2016- Тарых жана маданият жылы эгемен өлкөбүздүн тарыхында эсте каларлык жыл болду. 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн жана улуттук каргашанын 100 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде өткөрдүк. Эгемендик үчүн курман болгондорго эстелик ачып, куран окуп, көп жылдар бою башыбызда жүк болуп келаткан парзыбызды аткардык.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы көчмөндөр оюндарына бийик баасын берди.

Ошондуктан, бүгүн ошол чоң иш-чаралардын өткөрүлүшүнө зор салым кошкон жарандарыбызды сыйлап жатабыз.

Өткөн жыл – Тарых жана маданият жылы болгондуктан, бүгүн маданият жана тарых тармагына эмгеги сиңген бир топ белгилүү инсандарыбыз сыйлык алышат.

Алардын арасында эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да бар. Агабыз кыргыздардын тарыхын тынбай жазып келатат. Кеңеш агабыздын адамгерчилиги, жупунулугу башка чыгармачыл адамдарга үлгү болсо дейт элем. Агабызды сыйлык өзү кубалап тапты”-деп айтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/content1038



Добавить комментарий