Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу аталды
Поделиться в:
Globe Soccer Awards версиясы боюнча, Мадриддин «Реал» клубунда ойногон португалиялык оюнчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу аталды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Мадриддик Реалдын жана Португалиянын курама командасынын форварды болгон 32 жаштагы Роналду Globe Soccer Awards версиясына ылайык, бул жылы дагы мыкты спортчу деп таанылды.
Узап бараткан жылдын мыкты командасы болуп мадриддик “Реал” аталды. Белгилесек, сыйлыктарды тапшыруу аземи бейшемби күнү Дубайда өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content10323
Добавить комментарий ×