Төрага өкмөттөн Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгынын жоюну талап кылды

30 декабря 2017 11:25 1041 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 30-декабрда, парламенттин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөттү Төө-Ашуудагы жол тыгын маселесин чечүүгө чакырды.

"Бишкек-Ош автожолунда тыгын пайда болду, адамдар өтө албай Төө-Ашууда кармалып турушат. Өкмөт бул маселени чечиши керек»,-деди ал.

Парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, өкмөт мүчөлөрүнөн Бишкек-Ош жолундагы тыгын маселесин Жаңы жылга чейин чечүүнү талап кылды.

Эл өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, жол тыгындан улам айдоочулар 30 саат бою тыгында кармалууда.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекееев өз кезинде, ар бир депутатка жаңырган жыл бакыт алып келишин каалады.  

Эске салсак, 29-декабрда саат 16:20да "Сосновка" постунда (Жайыл району, Чүй областы), Бишкек-Ош жолунда тайгактан улам пайда болгон тыгынга байланыштуу бардык автотранспорт каражаттары үчүн чектөө киргизилген.

Унаалар топтолгон тыгын жерлерде Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат жана инженердик техникалар тартылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10317



Добавить комментарий