Майлуу-Суудагы кесиптик лицейдин директоруна иш козголду
Поделиться в:
Жалал-Абад областындагы кесиптик лицейдин мүдүрү тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейинин директору К.А.га карата материал топтолду. Ал былтыр ноябрда лицензиянын мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан, «В», «С» категориялары боюнча айдоочуларды даярдоо жана айдоону окутуп-үйрөтүү курстарын уланта берген.
Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 304 («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 315-беренелери («Кызматтык жасалмачылык») менен иш козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content10290
Добавить комментарий ×