Сооронбай Жээнбеков Япониядан келген конокторду кабыл алды

4 марта 2017 19:32 395 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясынын төрагасы Шигето Танака менен жолукту. Анда Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Япония менен эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө зор маани берерин баса белгиледи. «Биз Япониядан түз инвестициялардын келишине кызыкдарбыз жана биздин өлкөлөр аралык кызматташтыкты экономикалык жактан күчөтүүгө басым жасайбыз. Мындан сырткары Кыргызстанда чет элдик капиталдар менен сырттан келген инвесторлордун иштешине жакшы шарт түзүлгөн», – деди премьер-министр. Шигето Танака Япония тарап курулуш компаниясын ачып, келечекте темир буюмдарды чыгарган завод курууга кызыктар экенин билдирди. Аны менен бирге «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» менен КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин ортосунда биргелешип кызматташуу мемерандумуна кол коюлганын да кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content1029



Добавить комментарий