Тууганынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген аял кармалды

29 декабря 2017 12:04 525 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Панфилов районунда бүгүн, 29-декабрда, «Чалдыбар-автожолу» өткөрүү бекетинин чек арачылары, мамлекетик чек араны бузган кыргызстандык аялды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Паспортту текшерүү учурунда 1988-жылы туулган, Н.М. аттуу кыргызстандык жаран чек ара нарядына бөлөк паспортту көрсөткөн.

Анын айтымында, ал тууганынын паспортун алып Россияга жөнөйүн деген.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин жаран мындан аркы териштирүү үчүн Панфилов райондук ИИБсинин кызматкерлерине жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10289



Добавить комментарий