Белгисиз бирөө футбол ойноп жаткан окуучуларды аткылап, андан 7 киши жабыркады

28 декабря 2017 11:49 936 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиянын Газиантеп шаарында белгисиз бирөө окуучуларга ок аткан.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Окуя, мектеп окуучулары футбол ойноп жаткан учурда болгон.

Натыйжада 7 адам жабыркаган, анын ичинен 5өө мектеп окуучусу.

Маалымдалгандай, кол салган киши автоматтык мылтык менен аткылаган.

Жети адам бейтапканага жаткырылды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери учурда иликтөө жүргүзүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10254



Добавить комментарий