Кыздар: «Түркияга эс алууга барып, кийин акчабыз түгөнгөндө сойкулукка кабылдык»

27 декабря 2017 18:07 2087 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияда Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан барган 3 кыз сойкулук менен алектенгени үчүн кармалды. Бул тууралуу Haberler.com билдирди.

Кыздар, атайын операциянын жүрүшүндө Түркиянын Мугла шаарындагы мейманканалардын биринен кармалган. Аныкталгандай, 28 жаштагы кыз Түркмөнстан, 19 жаштагы кыз Кыргызстан, 22 жаштагы кыз Казакстандын жарандары болушкан. Алар Түркиядан чыгарылып, ар бири мамлекетине жөнөтүлдү.

Басылмалар билдиргендей, кыздар кармалгандан кийин, алар Түркияга эс алууга келгенин айтышкан. Кийин акчасы түгөнгөн соң кыздар интим кызматын көрсөтүү аркылуу акча иштеп таап, «эс алууну» уланталы дешкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content10241



Добавить комментарий