Кыргызстан 38 уюмга мүчөлүгү үчүн 400 млн сом төлөйт

27 декабря 2017 13:20 888 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасы 38 эл аралык уюмдун жана интеграциялык бирикменин катышуучусу болуп саналат. Алардын тизмеси өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен бекитилген. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына өкмөттөн билдиришти.

2017-жыл үчүн Кыргызстан, бул уюм жана бирикмелерде катышканы үчүн үчүн 400 миллион сом мүчөлүк жана үлүш акыны төлөөгө милдеттүү.

Эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин тизмесине төмөнкүлөр кирет:

1. Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги органынын бирдиктүү бюджети - 3 858 654,50 сом;

2. КР КМШ жана ЖККУнун уставдык жана башка органдарынын алдындагы туруктуу толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - 77 863 38,81 сом;

3. КМШнын катышуучу-өлкөлөрдүн Коргонуу министрлер кеңешинин алдындагы абага каршы коргонуу маселелери боюнча Координацилык комитети - 1 587 590,00 сом;

4. Жамааттык коопсуздук келишим уюму - 33 437 377,34 сом;

5. Бириккен улуттар уюмунун үзгүлтүксүз бюджети - 3 635 000,00 сом;

6. БУУнун тынчтык операциялары, БУУнун эл аралык трибуналдары - 3 635 000,00 сом;

7. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму - 3 086 354,90 сом;

8. Шанхай Кызматташтык уюмунун катчылыгы - 16 501 936,17 сом;

9. ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүлүшү - 11 353 641,39 сом;

10. Экономикалык кызматташтык уюму - 1 855 188,00 сом;

11. Түрк маданиятынын эл аралык уюму - 5 855 100,21 сом;

12. Ислам кызматташтык уюму - 12 705 115,22 сом;

13.  Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму - 2 729 789,15 сом;

14. БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму - 8 163 954,68 сом;

15. БУУнун азык-түлүк айыл чарба жана уюму - 4 735 540,75 сом;

16.  Бүткүл дүйнөлүк соода уюму - 2 527 917,35 сом;

17. Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу тууралуу келишим уюму - 161 269,73 сом;

18. КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы - 16 511 043,70 сом;

19. Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы - 4 451 544,78 сом;

20. Парламенттер аралык биримдиги - 657 651,00 сом;

21. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы - 117166,65 сом;

22. Кылмыш полициясынын эл аралык уюму - 1208763,46 сом;

23. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - 967 215,86 сом;

24. КМШга мүчө өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдындагы аскер-интернационалисттердин иштери боюнча комитети - 60 810,50 сом;

25. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму - 3758855,56 сом;

26. Евразия экономикалык биримдиги - 15 2847 135,54 сом;

27. Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы - 43 191 794,21 сом;

28.  Ислам өнүгүү банкы - 10 154 582,29 сом;

29. Азия өнүгүү банкы - 3 080 000,05 сом;

30. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы - 13 862 716,92 сом;

31.  Эл аралык миграция уюму - 64 708,75 сом;

32.  Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму - 943 058,58 сом;

33. БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму - 2 570 259,45 сом;

34. Эл аралык жарандык авиация уюму - 3 190 736,64 сом;

35. Эл аралык авиация комитети - 2 978 495,52 сом;

36. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши - 14 636 461,64 сом;

37. Эл аралык эмгек уюму - 523 125,71 сом;

38. КМШнын Эл аралык нанотехнологиялар инновациялык борбору - 608 105,00 сом;

Бардыгы: 400 000 000  сом.

Ссылка: https://barometr.kg/content10226



Добавить комментарий