Жээнбеков: «Орто Азияда радикалдык топтордун идеологиясы кеңири жайылууда»
Президент Сооронбай Жээнбеков «Ислам мамлекети» тобунун идеологиясы барган сайын жайылып жатканын, Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын согуштук иш-аракеттерге катышууга үгүттөө активдүү жүргөнүн билдирди. Бул РИА Новости маалымдады.
«Аталган жана башка ушул сыяктуу радикалдык топтордун идеологиясы Борбор Азияда кеңири жайылтылууда. КМШ өлкөлөрү жана ЖККУнун активдүү өз ара аракеттешүүсүз, чек ара коопсуздук тармагында жамааттык коопсуздук, мамлекеттик чек аралардын ишенимдүү күзөтүн толугу менен камсыздоого жана болуп жаткан коркунучтар менен чакырыктарга туруштук берүү мүмкүн эмес деп эсептейм», - деп билдирди КМШ өлкө башчыларынын формалдык эмес жолугушуусунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/content10221
Добавить комментарий ×